Видео — Ыр менен мыйзам жазуунун айырмасы чоң. Депутаттар талаша кетти

Видео — Ыр менен мыйзам жазуунун айырмасы чоң. Депутаттар талаша кетти

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. 

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоордо педагогикалык кызматкерлерге карата кемсинтүү, жаман сөздөр, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана уятсыз жаңсоолорду (белгилерди), нерселерди көрсөтүү түрүндө билдирилген сыйлабастык мамиле үчүн жоопкерчиликти орнотуу максатында иштелип чыккан жана айып пул чегерүү маселеси каралган.

Талкууда депутат Дастан Бекешев “Мирлан мырза, мен сизди сыйлам. Бирок, ыр менен мыйзам жазгандын  айырмасы чоң да. Юридикалык тил менен айтсак, бул конституцияга туура келбейт”, — деди.

Ошондой эле, ал “колунда жок үй-бүлөнүн балдары айып пулду кантип төлөйт?” – деген кооптонуусун айтып, “Мугалим менен окуучунун ортосунда түзүлгөн талаштуу жагдайды кантип далилдейбиз? Менимче мыйзам иштебейт”, – деген пикирин билдирди.

Өз кезегинде Мирлан Самыйкожо: “Канчалаган мыйзамдар жазылып, жарымы иштесе, жарымы иштебей турат. Бирок атам замандан бери ыр менен жазылган-жазылбаган мыйзамдар жашап келе жатпайбы”, — деп жооп кайтарды.

Ошондой эле депутат Эльвира Сурабалдиева  идея жакшы болгону менен мыйзам долбоору мугалимдер менен окуучулардын ортосунда ажырымга өбөлгө түзүшү мүмкүндүгүн кошумчалады. Ушундай эле пикирге депутаттар Чолпон Султанбекова менен Эмил Жамгырчиев да токтолду.

Соңунда мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу чечими кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>