Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Дүйнө чемпионаты: Шаршенбеков финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо алды (видео)
22.09.2023 | 21:30
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (62 кг) Сербиядагы дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Бүгүн, 22-сентябрда таймашка чыккан Шаршенбеков 1/16 финалда литвалык Юстас Петравичюсту 10:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
1/8 финалда грузиялык балбан Придон Абуладзени да мөөнөтүнөн мурда, 44 секундда 9:0 эсебинде утту.
Ал эми чейрек финалда өзбекстандык Исломжон Бахромов менен күч сынашып, аны да мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңди.
Жарым финалдык беттеште Шаршенбеков ирандык Мехди Мохсен Нежад менен күрөшүп, аны 4:3 эсебинде утуп алды.
Шаршенбенов финалга чыгуу менен 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул Кыргызстандын куржунундагы бешинчи лицензия.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз