Жумгал районун өнүктүрүүгө миллиарддаган сомдор багытталды — Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолугушуп, ишке ашырылып жаткан долбоорлор, аймакты каржылоо жана мындан аркы өнүгүү пландары тууралуу айтып берди.
Мамлекет башчысынын айтымында, акыркы жылдары облуста социалдык-экономикалык өнүгүүнүн оң динамикасы камсыздалды. Ал облустук бюджеттин көлөмү 2,5 эсеге — 2021-жылдагы 960 миллион сомдон өткөн жылдын жыйынтыгы менен 2 миллиард 334 миллион сомдон ашуун суммага чейин көбөйгөнүн белгиледи.
Жапаров бюджеттик көрсөткүчтөрдүн өсүшү көзөмөлдү күчөтүүнүн жана бюджетти түзүүчү тармактарда тартипти орнотуунун аркасында мүмкүн болгонун билдирди. Ошондой эле ал республиканын консолидацияланган бюджети 2025-жылы 1 триллион 100 миллиард сомдон ашканын эске салды.
Президент Нарын облусунун бекитилген бюджети 2,3 миллиард сомду түзгөнүнө карабастан, 2025-жылдын жыйынтыгы менен аймакты иш жүзүндө каржылоо 7 миллиард 680 миллион сомду түзгөнүн маалымдады.

Анын айтымында, бул инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жана бюджеттик тармактын кызматкерлеринин, анын ичинде мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле аскер кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууну камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
Мамлекет башчысы Жумгал районунун өнүгүшүнө өзүнчө токтолду. Анын маалыматы боюнча, райондо курулуш, жол инфраструктурасы, ирригация жана калкты таза суу менен камсыз кылуу тармактарында жалпы суммасы 2 миллиард 833 миллион сомду түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда.
Жапаров акыркы беш жылдын ичинде 15 социалдык объект пайдаланууга берилгенин, ошондой эле Түндүк — Түштүк эл аралык альтернативдик унаа жолунун 143 чакырымдык тилкесине асфальт төшөө иштери аяктаганын билдирди. Мындан тышкары, бул аралыкта 35 чакырым ички жолдорго асфальт төшөлгөн.
Президент ошондой эле узундугу 22 чакырымды түзгөн Сары-Булуң — Миң-Куш унаа жолунун бөлүгүнө асфальт төшөө иштери уланып жатканын кабарлады.

Суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү тууралуу сөз кылып жатып, Жапаров райондун жети айылында 595,6 миллион сомдук суу менен камсыз кылуу системаларын калыбына келтирүү долбоору ишке ашырылып жатканын белгиледи. Дагы үч айыл боюнча тендердик процедуралар аяктап, келишимдер түзүлгөн.
Президент кубаттуулугу 1200 мегаватт болгон «Кара-Кече» жылуулук электр станциясын куруу перспективаларын өзүнчө белгилеп, бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө факторлорунун бири катары каралып жатканын маалымдады.

Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылдан бери Жумгал районун өнүктүрүү фондуна 247 миллион сом түшүп, анын эсебинен 84 долбоор каржыланган.Ошондой эле ал үстүбүздөгү жылы «Түгөл-Сай» суу сактагычын пайдаланууга берүү пландалып жатканын, бул 3,2 миң гектардан ашык жерди сугарууну жакшыртууга жана кошумча 1,5 миң гектар жерди өздөштүрүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.
Жапаров акыркы беш жылда райондо жети мектеп жана эки бала бакча курулуп, 445 мугалим ноутбук менен камсыз болгонун кошумчалады.