Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык алышты

Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык алышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров маалыматтык технологияларды өнүктүрүү Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, “Биздин мектеп окуучулары дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн катышкан 355 окуучунун ичинен эң жакшы жетишкендиктерин көрсөтүштү. Балдардын байгелүү орундарга ээ болушу – бул Жогорку технологиялар паркынын ачылышы жана колдоосу өлкөдө анын ишмердүүлүгүнүн мындан аркы өсүшү жана популярдуулугу үчүн күчтүү түрткү болгонун тастыктайт”, — деди.

Андан кийин сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп, мектеп окуучуларын олимпиадага даярдоочу мугалим Кылычбек Ураимовго 7 миң доллардын сертификаты, 2-орунга ээ болгон Айдар Мундузбаевге 5 миң доллардын сертификаты, коло медаль үчүн Тенгиз Беккоенов менен Алихан Айдарбековго 1 миң доллардын сертификаты ыйгарылды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрына чейин Зегед шаарында (Венгрия) информатика боюнча 35-эл аралык олимпиада (35th IOI 2023 Hungary) өткөрүлгөн. Ага Кыргызстандан Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккоенов, Алихан Айдарбеков, Байтөрө Майрамбековдор катышкан. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча команда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>