Дүйнө чемпионаты (U-20): Бүгүн Асан Жанышов баштаган 5 балбан күрөшөт

Дүйнө чемпионаты (U-20): Бүгүн Асан Жанышов баштаган 5 балбан күрөшөт

Бүгүн, 2-сентябрда Испанияда 20 жашка чейинки балбандар (U-20) арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим балбандары килемге чыгып, 55, 63, 77, 87 жана 130 кг салмактарда таймаштар өтөт. Кыргызстандык балбандар аталган 5 салмакта тең күчүн сынайт:

55 кг (1/16 финал)

Барсбек Асанкожоев — Армен Геворгян (Армения)

63 кг (1/16 финал)

Эмирлан Дүйшөналиев — Илиан Айнауи (Франция)

77 кг (1/8 финал)

Нурэл Дүйшөнбеков — Давуд Маммадов (Азербайжан) менен Александр Соловейдин (Молдова) беттешинин жеңүүчүсү

87 кг (1/8 финал)

Асан Жанышов — Ачико Болквадзе (Грузия) менен Рубен Ивор Ван Вуктун (Түштүк Африка Республикасы) беттешинин жеңүүчүсү

130 кг (1/16 финал)

Самаган Ормонов — Артур Саркисян (Чехия)

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:00до башталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>