Пакистан Кыргызстанга өзүнүн деңиз портторун колдонууну сунуштады

Пакистан Кыргызстанга өзүнүн деңиз портторун колдонууну сунуштады

Пакистан – Кытай – Кыргызстан транспорттук коридорунун потенциалын өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министри Жалил Жилани кыргыз кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал  Кыргызстандын бизнес коомчулугун дүйнөлүк сооданы өнүктүрүү үчүн Пакистандын Карачи жана Гвадар деңиз портторунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды.

Мындан тышкары, тараптар регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча, Ооганстан жана Жакынкы Чыгыштагы азыркы кырдаал тууралуу  пикир алмашышты.

Жалил Жилани эртең Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын жыйынына катышат.

Кошумча маалымат: Гвадар порту Түштүк жана Борбордук Азияны, Жакынкы Чыгышты байланыштарган ири транспорттук түйүн. Ал Улуу жибек-жолунун маңыздуу бөлүгү катары саналган. Учурда Кытай бул портту азия чөлкөмүндө негизги логистикалык борборго айлантуу аракетин көрүүдө.

Карачи порту — Пакистандын или соода-экономикалык түйүнү. Өлкөнүн тышкы соодасынын 60 пайызы бул жээк аркылуу өтөт.

Деңиз аркылуу жүк ташуу жол, же аба аркылуу жеткирүүгө караганда арзан экени маалым. Кыргызстандын деңиз аркылуу өтүүгө транспорттук коридору жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>