Гапар Айтиев атындагы музейде Роза Жангарачеванын жеке көргөзмөсү ачылатЭлектро чокусу Амир чокусу деп өзгөртүлөбү? Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жообуБаалар бир жылда 11,1% өстү, экономика 10,5%га өстү: 10 айдын жыйынтыгыКыргызстан менен Пакистан соода жүгүртүүнү 200 млн долларга жеткирүүнү пландоодо243 млрд сом кайдан? Бекешев Кыргызстандын 2026-жылкы бюджетин кайра кароо тууралууОш базарында жапайы канаттууларды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды
Дүйнө чемпионаты (U-23): Тайырбек Жумашбек уулу коло утту
25.10.2023 | 09:00
Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) коло байге утту.
Тайырбек Жумашбек уулу килем үстүнө 23-октярда чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи кармашында атаандашы беттешке чыкпагандыктан, жеңиш Тайырбек Жумашбек уулуна ыйгарылган. Чейрек финалда ал азербайжандык спортчуну 8:5 эсебинде жеңген. Бирок жарым финалда казакстандык балбанга 7:9 эсебинде жеңилип, коло байге үчүн күрөшө турган болот.
Үчүнчү орун үчүн беттеш 24-октябрда өтүп, Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнөлүк күрөш уюмунун атынан күрөшүп жаткан индиялык Акаш Дахия менен күч сынашып, аны 7:0 эсебинде утту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз