Атасынын жолун жолдоп милиция болгон Зарима Жайсаңбекова Баткенде кызмат өтөөдө

Атасынын жолун жолдоп милиция болгон Зарима Жайсаңбекова Баткенде кызмат өтөөдө

Зарима Жайсаңбекова кичинекей кезинен бери атасынын жана бир туугандарынын жолун жолдоп, милиция кызматкери болууну кыялданган. Кийин кыялы орундалып, 2009-жылдан бери ички иштер органдарында кызматы өтөп келет. Быйыл ал Баткенге барып иштөөнү чечип, Бишкектен Лейлек райондук милициясына которулган. Баткен ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 1-ноябрь — милиция кызматкерлеринин майрамын утурлай Зарима Жайсаңбекова менен өзү жана милициядагы кызматы тууралуу маек уюштурган.

— Саламатсызбы? Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз, каяктын кызы болосуз? Ички иштер органдарында канчанчы жылдан бери иштеп келе жатасыз? 

— Аты-жөнүм — Зарима Жайсаңбекова, 1985-жылы Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу айылында туулгам. 2004-жылы ИИМдин Академиясына тапшыргам. 2009-жылы июлда окуу жайды ийгиликтүү аяктап, ошол айда Бишкек шаарынын Ленин райондук милициянын Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын  аймактык тескөөчүсү кызматына дайындалгам. 2017-жылы ошол эле бөлүмдүн улук тескөөчүсү кызматына дайындалып, 2023-жылдын март айына чейин иштедим. 2023-жылдын март айында өз каалоом менен Баткен ОИИБнин Лейлек райондук милициясынын Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү кызматына которулгам. Июль айында ошол эле бөлүмдүн улук тескөөчүсү болуп дайындалып, кызмат өтөп жүрөм.

— Аял кишиге милицияда иштөө түйшүк жаратпайбы?

— Мен атамдын жана бир туугандарымдын жолун жолдоп, милиция кызматын тандагам.  Өзүмдүн кичинекей кезимден эңсеген кесибиме жетип,  кызмат өтөп келем. Аял кишиге милиция кызматында өтөгөн эч кандай кыйынчылыктарды жаратпайт. Анткени ар бир инсан өзү сүйгөн кесибинде иштегенде, үй-бүлөдө жана бир туугандар арасында колдоолор болуп турса, кыйынчылык жаралбайт. Атам, бир туугандарым дагы милицияда иштеп, ардактуу эс алууга чыккандыктан, алар мени ар тараптан колдоп турат. Үй-бүлөдө үч баланын апасымын.

— Ошончо чакырым алыстыктан Баткен жергесине, болгондо да, эң алыскы Лейлек жергесине келип иштөөгө эмне түрткү болду?

— Мен өз каалоом менен Баткен облусунда иштөөнү чечтим. Чек ара аймактарында жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча өз тажрыйбам менен бөлүшүп жана тажрыйбамды арттыруу максатында Баткен облусуна которулууну сурандым. Анткени чек ара аймактарындагы элдин турмушун, жашоо-шартын өз көзүм менен көрүп, билгим келди. Тагдыр насип кылып, бош орун Лейлек районунда болуп калып, ушул жакта иштеп калдым.

—  Борбор менен Лейлекте жашоодо, жумушта айырмачылыктар бар бекен? 

— Эки жакта да иштөө тартиби мага айырмачылыксыз сезилди. Анткени бир эле буйрук менен иштейбиз да. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө, алардын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу — оор түйшүк. Анын үстүнө азыркы убакта жаш өспүрүмдөр катышкан же аларга карата жасалган кылмыштар бат эле социалдык тармактарда жайылып, коомчулуктун көңүлүн бурууда. Ошондуктан бул тармакта кылдат болууну кол астымдагы кызматкерлерге да түшүндүрөм.

Ал эми жашоо шартка токтоло кетсем, Лейлек районунда ар улуттун өкүлдөрү жашагандыгына карабастан, эч кандай жашоо шарттарга терс көрүнүштөрдү жаратпайт экен. Элдин милицияга болгон ишеними жогору, мен ушуну бааладым. Ал эми милиция кызматкерлеринин жергиликтүү тургундарга болгон мамилеси сылык болгондуктан, милиция кызматкерлери кадыр-барктуу болуп эсептелинет экен.

— Маегиңизге рахмат Зарима айым. Иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз. 

—  Рахмат сиздерге да.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>