Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келди
Дүйнө чемпионаты (U-23): Тайырбек Жумашбек уулу жарым финалда (видео)
23.10.2023 | 21:01
Эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты.
Мелдеш Албаниянын Тирана шаарында өтүүдө.
Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) таймашты 1/8 финалдан баштап, алгачкы атаандашы украиналык Андрей Джелеп болмок. Бирок ал беттешке чыкпагандыктан, жеңиш Тайырбек Жумашбек уулуна ыйгарылып, ал чейрек финалга чыкты.
Ал эми чейрек финалда ал азербайжандык Жейхун Аллахвердиев менен күч сынашып, аны 8:5 эсебинде жеңди.
Эми Тайырбек Жумашбек уулу жарым финалда казакстандык Асылжан Есенгелды менен күрөшөт.
Дүйнө чемпионаты (U-23): Жумашбек уулу чейрек финалга чыкты (видео)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз