Депутат министрлер кабинетинен 797 мечитти мыйзамдаштырууну суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Жээнбаев Министрлер кабинетин документтери толук эмес болгон 797 мечит жана медресени мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.
Депутаттын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 4 миң 470 мечит иш алып барууда. Алардын ичинен 3 миң 673ү мыйзамдуу негизде иштесе, калган 797 мечит жана медресе ар кандай себептерден улам толук каттоодон өтпөй, Муфтият тарабынан кабыл алынбай калган.
«Мамлекет өзүнүн күчтүү экенин көп тармактарда көрсөтүп жатат. Ошол сыяктуу эле документтери толук эмес болуп калган мечиттер менен медреселердин маселесин чечүүгө да көңүл буруу зарыл», — деди Жээнбаев Жогорку Кеңештин жыйынында.
Анын айтымында, бул маселе боюнча жарандардан көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Айрыкча электр энергиясынын тарифтери боюнча көйгөйлөр бар. Учурда мыйзамдуу катталган мечиттер электр энергиясы үчүн болжол менен 2,62 сомдук тариф менен төлөп жатышса, документтери жок мечиттер менен медреселер коммерциялык тариф боюнча төлөөгө аргасыз болууда.
Депутат белгилегендей, мындай диний объектилердин көбү жарандардын кайрымдуулук иретинде берген үлүш жерлерине же эски короо-жайларына курулган. Көп учурда алар долбоордук-сметалык документтери жок эле салынгандыктан, азыр мыйзамдаштыруу иштеринде кыйынчылыктар жаралууда.
Улан Жээнбаев Министрлер кабинетин бул объектилердин жерлерин мыйзамдаштырууга жана керектүү документтерин бүтүрүүгө көмөк көрсөтүүгө чакырып, алардын ишмердүүлүгүн мыйзам талаптарына жана Муфтияттын шарттарына ылайык келтирүү зарылдыгын белгиледи.