Өзбекстанда этникалык кыргыздарга айып пул салынып, каттоого алынбай жатат — депутат

11.06.2026 | 15:30
Гулжан Сатиева

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева Өзбекстан менен Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келип, өлкө жарандыгын алган этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүүгө чакырды.

Парламенттин жыйынында сүйлөгөн депутат коңшу мамлекеттерден тарыхый мекенине кайтып келген көптөгөн этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып, бүгүнкү күндө коомдун толук кандуу мүчөсү катары жашап жатканын белгиледи. Бирок алардын көп жылдан бери чечилбей келе жаткан эки негизги көйгөйү бар экенин айтты.

Биринчи көйгөй Өзбекстан жана Тажикстанга болгон сапарларга байланыштуу. Депутаттын айтымында, тууганчылык, кызматтык же башка себептер менен бул өлкөлөргө барган Кыргызстандын жарандары жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан ар кандай тоскоолдуктарга туш болууда.

«Аларга ири өлчөмдө айып пулдар салынууда, каттоого туруу маселелеринде көйгөйлөр жаралууда. Мындан тышкары, Өзбекстандын жарандыгынан толук чыккан эмессиңер, тиешелүү төлөмдөрдү төлөгөн эмессиңер деген жүйөлөр менен ар кандай тоскоолдуктар түзүлүп жатат», — деди Сатиева.

Ал тиешелүү мамлекеттик органдарды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте бул маселени ар тараптуу изилдеп чыгып, чечүү жолдорун иштеп чыгууга чакырды. Депутаттын айтымында, эгер бул үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү талап кылынса, ал тиешелүү мыйзам долбоорлорун демилгелөөгө даяр.

Экинчи көйгөй катары депутат этникалык кыргыздардын бойго жеткен уул-кыздарына паспорт берүү маселесин атады.

Сатиеванын айтымында, Кыргызстандын мамлекеттик органдары Өзбекстан менен Тажикстанга жарандардын аталган өлкөлөрдүн жарандыгына ээ эмес экендигин тастыктоо боюнча расмий сурамдарды жөнөтүшөт. Жооп келгенден кийин гана кыргыз паспорту берилет.

Бирок мындай сурамдарга жооптор көп учурда алты айдан бир жылга чейин кечигип келип, жаштардын паспорт алуу процесси кыйла созулуп кетүүдө.

Ушуга байланыштуу депутат тиешелүү министрликтер менен ведомстволорду процедураларды жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттер аралык маалымат алмашууну тездетүү механизмдерин иштеп чыгууга чакырып, паспорт берүү мөөнөттөрүн кыскартуу зарылдыгын белгиледи.

Scroll to Top