Кабмин 1-июнга чейин Кыргызстандын жаңы гимнин даярдап жетишпейт

10.06.2026 | 00:07

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өлкөнүн жаңы мамлекеттик гимнин даярдоо иштери белгиленген мөөнөткө чейин аяктабай турганын билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын 11-декабрындагы токтомду ишке ашыруунун алкагында гимндин жаңы редакциясынын тексти жана музыкасы үчүн эки жолу республикалык ачык конкурс өткөрүлгөн. Жалпысынан 603 автордон 902 долбоор келип түшкөн. Бирок сунушталган эмгектердин бирөө да жактырылган эмес.

Ушуга байланыштуу мурдагы токтом күчүн жоготуп, 2026-жылдын 29-январында жаңы токтом кабыл алынган. Анда 1-июнга чейин мыкты үч долбоорду тандап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырмасы берилген.

Бул тапшырманы ишке ашыруу үчүн Министрлер Кабинетинин тескемеси менен ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, аны мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жетектеген.

Май айында өткөн комиссиянын жыйынында гимндин жаңы редакциясын даярдоо боюнча мамлекеттик тапшырманын регламентин кайрадан иштеп чыгуу чечими кабыл алынган. Ошондой эле мөөнөттү 1-июндан 1-декабрга чейин узартуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуш берүү каралган.

Учурда Маданият министрлиги жаңы гимнди даярдоо боюнча мамлекеттик тапшырманын регламентинин долбоорун иштеп чыгууда. Анда чыгармачылык уюмдарга тапшырма берүү шарттары так аныкталат.

Жаңы тартипке ылайык, иш эки этап менен жүргүзүлөт: алгач гимндин тексти даярдалат, андан кийин музыкалык бөлүгү иштелип чыгат.

Надырбеков белгилегендей, ачык конкурстар натыйжа бербегендиктен, эми долбоор мамлекеттик тапшырманын негизинде ишке ашырылат. Ушуга байланыштуу өкмөт мөөнөттү узартууну сунуштоодо.

Scroll to Top