Дүйнө чемпионатына тандоо баскычы: Бүгүн Кыргызстан Иран менен ойнойт

Дүйнө чемпионатына тандоо баскычы: Бүгүн Кыргызстан Иран менен ойнойт

Бүгүн, 5-сентябрда Кыргызстандан футбол боюнча курамасы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Иран менен беттеш өткөрөт.

Оюн Ирандагы «Фуладшехр» стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до башталат.

Түз эфир Kyrgyz Sport TV каналынан көрсөтүлөт. Андан тышкары күйөрмандар беттешти Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында орнотулган чоң экрандан көрө алат. Оюн башталганга чейин аянтта шоу-программа уюштурулуп, сынактар өткөрүлөт. Ал саат 20:00до башталат.

Кыргызстандын футбол курамасына кирген оюнчулар:

Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Артем Прядкин, Султан Чомоев,

Коргоочулар: Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Християн Браузман, Александр Мищенко, Сүйүнтбек Мамыралиев, Саид Дациев, Арслан Бекбердинов, Нурбол Бактыбеков, Кайрат Жыргалбек уулу,

Жарым коргоочулар: Алимардон Шүкүров, Элдияр Зарыпбеков, Кай Мерк, Эрмек Кенжебаев, Одилжон Абдурахманов, Эрбол Атабаев, Магамед Узденов,

Чабуулчулар: Кими Мерк, Гүлжигит Алыкулов, Жоел Кожо, Нурдөөлөт Сталбеков, Эрнист Баатырканов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>