Кыргызстанда түн ичинде үч жер титирөө катталды, эң күчтүүсүнүн магнитудасы 5,6 болдуКыргызстанда жүзүн жашыргандар үчүн айып пулду эки эсе азайтуу сунушталуудаКыргызстандык гимнасткалар эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болуштуАбанын температурасы 22°Cге чейин жетет: 4-ноябрга карата аба ырайынан божомолуКыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшерди
“Бишкек башкы архитектура” Курулуш агенттигинин карамагына кайтарылды
05.09.2024 | 09:00
Министрлер кабинети “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
“Бул чечим архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга бирдиктүү мамилени камсыз кылат, ошондой эле бул чөйрөдө борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы аракеттерди координациялоону жакшыртууга мүмкүндүк берет”, – деп билдирет өкмөт.
Буга чейин “Бишкек башкы архитектура” Бишкек мэриясынын карамагында болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом