Кыргызстанда Бажы жана Чек ара кызматтарынын жетекчилери алмашты — кимдер дайындалдыКүзгү жаан-чачын жана бийик тоолордо кар: 9-октябрга карата аба ырайыРИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылды
Дүйнө чемпионатына тандоо: Бүгүн Кыргызстан Өзбекстан менен ойнойт
20.03.2025 | 09:00
Бүгүн, 20-мартта Кыргызстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында Өзбекстан менен беттеш өткөрөт.
Оюн Ташкентте өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до башталат. Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, бул тандоо оюндарында буга чейин Кыргызстан 6 беттеш өткөрдү. Бир жеңишке жетип, 3 упай алган курама өз тайпасында бешинчи орунда турат.
Үчүнчү баскычтын жыйынтыгы менен тайпасында 1-2-орунду ээлеген командалар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алат. 3-4-орунду ээлегендер тандоо оюндарынын төртүнчү баскычына өтөт. Соңку эки орундагы курама жарыштан четтейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт