Дары өсүмдүктөрүн Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү пландалууда«Супара-2деги» өрт: үч адам жабыркады — Саламаттык сактоо министрлиги5-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондоруна кар жаайтЭкономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь Беляев
Дүйнө чемпионатына тандоо оюндары: Кыргызстан Иранга 1:0 менен утулду
06.09.2024 | 09:40
Кыргызстандын футбол боюнча курамасы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагындагы биринчи беттешинде Иранга 0:1 эсебинде жеңилди.
Беттеш кечээ, 5-сентябрда Ирандагы «Фуладшехр» стадионунда өттү. Оюндагы жалгыз голду ирандык чабуулчу Мехди Тареми 34-мүнөттө киргизди. Ошону менен беттеш аяктаганга чейин эсеп өзгөрбөй, Иран 1:0 эсебинде жеңишке жетти.
Эскерте кетсек, дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында 10-сентябрда Кыргызстан Өзбекстан менен беттешет. Оюн Бишкекте өтөт.