Дүйнөдөгү эң бай адамдардын жаңыланган рейтинги

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын жаңыланган рейтинги

2025-жылы миллиардерлердин саны көбөйүп, жалпы 2983 адамды түздү, бул 2024-жылга караганда 153 адамга көп. Алардын жалпы байлыгы 14,2 триллион долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 2 триллион долларга көп болду. Forbes 2025-жылга карата тизмеге киргендердин үчтөн экиси бир жыл мурункуга караганда көбүрөөк байлыкка ээ болгонун жана төрттөн бир бөлүгү гана аларга жетпей калганын жазды.

Дүйнөдөгү эң бай адам Илон Маск байлыгын рекорддук деңгээлге, 2025-жылдын башында 250 миллиард доллардан 430 миллиард долларга чейин көбөйттү. Дональд Трамптын АКШдагы президенттик шайлоодогу жеңишинен кийин Илон Масктын байлыгы 66% өстү.

Ал эми Amazon ээси – 60 жаштагы Жефф Безостон 238.5 миллиард доллар байлыгы менен экинчи орунда турат. Программалык камсыздоо боюнча адистешкен дүйнөлүк Oracle Corporation компаниясынын башкаруучулар кеңешинин төрагасы жана башкы техникалык директору – 80 жаштагы Ларри Эллисон 213,7 миллиард доллар байлыгы менен үчүнчү орунда турат.

Ал эми Facebook компаниясынын негиздөөчүсү – 40 жаштагы Марк Цукерберг 202,4 миллиард доллар байлыгы менен төртүнчү орунду ээледи. Louis Vuitton Moët Hennessy (LVMH) тобунун президенти Бернар Арно жана анын үй-бүлөсү 167,2 миллиард доллар жыйнап, бешинчи орунду алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>