Дүйнөлүк банк Отуз-Адыр каналын оңдоого 30 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Отуз-Адыр каналын оңдоого 30 млн доллар бөлөт

Отуз-Адыр каналы учурда толук реконструкциялоо иштерине муктаж. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев бүгүн, 9-июнда Биринчи радионун “Эл өкүлү” уктуруусунда билдирди.

Депутаттын айтымында, ирригациялык система Кара-Суу районундагы 16 айыл өкмөттүн 8 айыл өкмөтүнө кызмат кылат.

Каналдын курулушу 1945-жылы башталып, 1949-жылы аяктаган. Анын узундугу 52 чакырымды түзөт, айрым бөлүктөрү жергиликтүү элдин демилгеси менен ашар аркылуу бүткөрүлгөн.

“Азыр толук реконструкциялоо иштерине муктаж болуп отурат. Себеби, кезегинде аталган каналга 30 кубометр суу сыйып келген болсо, азыр ага болгону 15 кубометр гана суу араң батат. 2022-жылы Дүйнөлүк банк менен биргелешкен келишимге ылайык, ратификацияланган мыйзам чегинде 30 млн доллар бөлүнүп отурат. Ал каражатка 2026-жылга чейин Отуз-Адыр каналын цементтөө жумуштары аткарылат”, — деди депутат.

Алишер Козуев белгилегендей, бул дыйкандарды көйгөйдөн арылтып, суунун коромжуга учурашына жол бербейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>