Өлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэри
Дзюдочу Жанар Жолдошева Азия чемпионатында алтын медаль утту
17.11.2023 | 21:45
Кыргызстандык спортчу Жанар Жолдошева Өзбекстанда өткөн дзюдо боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. 16-17-ноябрь күндөрү Ташкентте 2006-2008-жылдары туулган спортчулар арасында турнир өттү.
Жолдошева 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, анда жалпысынан 10 спортчу катышкан. Кыргызстандык спортчу 1/4 финалдан баштап, Ирандын спортчусун жеңип, жарым финалда Кытайдын Тайбэйинин өкүлүнөн күчтүүрөөк болду.
Финалдык беттеште Жолдошева Өзбекстандын спортчусун жеңип, алтын медаль тагынып, Азия чемпиону аталды.
Жалпысынан турнирде Кыргызстандын курама командасы 5 медаль – 1 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль утушту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар