Депутат Түмөнбаев өз каалоосу менен кетип калса жакшы болот, — Ташиев

Депутат Түмөнбаев өз каалоосу менен кетип калса жакшы болот, — Ташиев

Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына Акылбек Түмөнбаев барган, эмне үчүн ал жоопкерчиликке тартылбайт деп сурап жатышат. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

«Эмне үчүн биз жоопко тартпайбыз? Бул эл шайлаган депутат. Эл кандай депутаттарды шайлап берсе, биз ошолор менен иштешебиз. Бирок биз аларды да тазалоого аракет кылып жатабыз. Акылбек Түмөнбаевди кантип мандатын тапшырууга мажбурлайбыз? Аны эл шайлаган. Эгерде Түмөнбаевдин ордунда кайсы бир чиновник же мамлекеттик кызматкер болгондо, бир саатта жумуштан алдырмакмын. Эми анын өзүнүн уятына коелу. Өз каалоосу менен кетип калса жакшы болот», — деди ал.

Ошондой эле, ал Акылбек Түмөнбаев менен Камчы Көлбаевдин байланыштары чыкса, ага кылмыш ишин козгой турганын айтты.

“Эгерде алардын байланышы, кылмыш иштери боюнча маалыматтар бар болсо, бергиле”, — деп кошумчалады УКМК башчысы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>