Кыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомгоТрамп европалык жеңил жана жүк ташуучу унааларга 25 пайыздык бажы алымын киргизүүдөСадыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды2-май: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөйтБишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылды
Эбола вирусуна байланыштуу эл аралык чукул кырдаал жарыяланды
18.07.2019 | 15:56
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго Демократиялык Республикасында жайылган эбола вирусуна байланыштуу эл аралык чукул кырдаал жарыялады. Бул тууралуу уюмдун башкы директору Тедрос Адханомго шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, июль айында Конгонун Руанда жана Уганда мамлекеттерине чек аралаш аймактарында вирусту жуктурган 2 адам каза болгон.
Коопту вирус Конго Демократиялык Республикасынын өзүндө соңку бир жылда 1676 адамдын өмүрүн алган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар