Кыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомгоТрамп европалык жеңил жана жүк ташуучу унааларга 25 пайыздык бажы алымын киргизүүдөСадыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды2-май: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөйтБишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылды
“Учкун” басмаканасы эми дипломдорду ката менен басып чыгарды
18.07.2019 | 16:23
Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бүтүрүүчүлөрү “Учкун” басмаканасынан ката менен басылып чыккан дипломдорду алышууда. Бул тууралуу Kaktus.media окуу жайдын бүтүрүүчүсүнө таянуу менен жазып чыкты.
Дипломдун кыргыз тилиндеги тиркеме баракчасында “Окууга кирди” деген жери “ОкуугУ кирди” деп “а” тамагысынын ордуна “у” тамгасы жазылып калган.
Ката менен басылып чыккан дипломду окуу жайды бүтүп жаткан 1003 бүтүрүүчүнүн дээрлик жарымы алган.
Ал эми окуу жайдын проректору Эркин Алымбаев басмакана ката дипломдорду кайра басып берерин билдирген.
Айта кетсек, “Учкун” басмаканасы ушуну менен бүтүрүүчүлөрдүн документтерин быйыл үчүнчү жолу ката басып чыгарды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом