Эдил Байсалов: Кыргызстанда камалбаган деле саясатчы калбаса керек

Эдил Байсалов: Кыргызстанда камалбаган деле саясатчы калбаса керек

Учурда парламенттин жалпы жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлик орунга Талантбек Имановдун талапкерлиги каралып жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов “Талантбек Имановго кылмыш иши козголгондугу бул факт. Улан заводу боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши жабылдыбы, эмне болду?”- деп суроо узатты.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп кайтарып, балким иш козголсо козголгондур, президент бардык маалыматтарды текшерип чыкса керек деди.

Азыркы учурда Кыргызстанда камалбаган деле саясатчы калбаса керек. Мамлекет башчысы баш болуп, көбүбүз соттолгонбуз. Бул нерсе оңой болуп калган да, бизде. Ошондуктан бул биздин жаш талапкердин дарегине  “бир ай камалып чыккансың” деген өтө эле шектер айтылып жатат. Бул эми калп, мындай болгон эмес да. Өзү да айтып жатат, козголгон эмес деп. Болсо болгондур, балким.. Күнөөлү деп табылбагандан кийин… Президент тарабынан ишеним көрсөтүлүп жатат. Учурда жоопкерчиликтин баары президентибиздин мойнунда. Ал дагы таразалап көргөндүр. Менимче, талапкер, бардык текшерүүдөн өткөн. Ошондуктан Талантбек Имановдун талапкерлигине ишеним көрсөтүүнү чын жүрөктөн суранабыз” – деди Байсалов.

Жогорку Кеңештин тармактык эки комитети Санариптик өнүктүрүү министрлик орунга Талантбек Имановдун талапкерлигин жактырган. Бүгүн жалпы жыйында каралып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>