Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралуудаДепутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койдуМектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыктыДарылануу, дары-дармек жана пара: Минздрав бейтаптардын укугун түшүндүрдүБаткен облусунун Чек айылында 5 миң тургун үчүн жаңы суу түтүгү курулуудаАскерлерди өз үйүнүн курулушуна тарткан: Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалды
Мектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыкты
21.10.2026 | 10:46

Кыргызстандын мектептери үчүн табигый илимдер жана математика сабактары боюнча жалпы 238 миң 430 нуска иш дептери басылып чыгарылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Иш дептерлери кыргыз, орус мектептеринин 2- жана 8-классынын окуучулары үчүн даярдалган:
- 2-класстын «Табигый илимдер» предмети боюнча (кыргыз тилинде) — 88 миң 505 даана;
- 2-класстын «Табигый илимдер» предмети боюнча (орус тилинде) — 56 миң 175 даана;
- 8-класстын «Математика» предмети боюнча (орус тилинде) — 93 миң 750 даана.
Министрлик бул окуу-методикалык куралдар жакынкы аралыкта аймактардагы билим берүү мекемелерине жеткирилерин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим
Теги: мектеп, окуу китеп