Екатеринбургдан Ош шаарына 30-майда чартердик каттам уюштурулат

Екатеринбургдан Ош шаарына 30-майда чартердик каттам уюштурулат

Каттам 30-майда Екатеринбург шаарынан Ош шаарына «Урал авиакаттамдары» авиакомпаниясы менен ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

Аталган каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар кайтарылат.

Учуп келе турган жарандардын тизмеси Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын жетекчилеринин сунуштарын, ошондой эле «Урал авиакаттамдары» авиакомпаниясынан мурда сатып алынган билеттеринин бар экендигин эске алуу менен түзүлөт.

Билеттер “Урал авиа каттамдары” авиакомпаниясынын атайын белгиленген кассаларында макулдашылган тизме боюнча гана рейстин алдында сатылат. Буга байланыштуу мекендештерге Кыргызстанга кайтаруу жана авиабилеттерди сатып алуу боюнча ортомчулардын кызматтарынан жана сунуштарынан кармануу сунушталат.

Белгилесек, учурда Урал федералдык округунда Кыргызстанга учуп кетүүнү каалаган Кыргызстандын 600дөн ашык жараны бар.

Жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иш-аракеттер улантылат.

Урал федералдык округунан Кыргызстанга алдын ала 30-майда учуп кетүү маселелери боюнча төмөндө көрсөтүлгөн номерлер боюнча кайрылса болот:
+7 (343) 223-68-15
+7 (343) 223-68-13
+7 (343) 227-39-39.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>