Эки адамды өлтүрүп, сөөгүн талаага көөмп коюшкан. Окуянын чоо-жайы

Эки адамды өлтүрүп, сөөгүн талаага көөмп коюшкан. Окуянын чоо-жайы

Ош облустук соту эки адамдын өлүмү боюнча 17 жаштагы айыпталуучуга өкүм чыгырды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Соттун токтомунда айтылгандай, окуя быйыл март айында болгон. 15-мартта айыпталуучу (Асан, аттар өзгөртүлдү) болжол менен саат 19:40да өзүнүн шериги – Өзбекстандын 28 жаштагы Анвар аттуу жараны менен бирге Honda Fit унаасына Өзбекстандын 20 жаштагы Баходир аттуу жаранын жүргүнчү катары алган. Унааны Асан башкарып бара жатканда, анын шериги алдыңкы орунда отурган Баходирди жип менен муунтуп, өлтүргөн. Андан кийин алар маркумдун Redmi 9A телефонун, 100 долларын жана 20 миң сум (Өзбекстандын акчасы) алып алышкан. Кылмыш жасагандан кийин алар маркумдун сөөгүн Кара-Суу районундагы айылдардын бириндеги айдоо талаасына көөмп коюшкан.

Ошондой эле, токтомдо жазылгандай, 17-мартта айыпталуучу шериги менен бирге Кара-Суу шаарындагы базарлардын биринен такси күтүп жаткан 36 жаштагы Бакыт аттуу жаранды жүргүнчү катары унаасына алышкан. Жолдо бара жатканда арткы орундукта отурган Анвар, Бакытты муунтуп өлтүргөн. Андан соң алар маркумдун ноутбугун, телефонун жана 5 миң сом акчасын алып, маркумдун сөөгүн Кара-Суу районундагы айылдардын бириндеги талаага көөмп коюшкан.

Маалым болгондой, Асан 19-мартта кылмыш жасоого аракет кылып жатканда колго түшүрүлүп, камакка алынган.

Быйыл 7-сентябрда Кара-Суу райондук соту аталган иш боюнча өкүм чыгарып, айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок жабырлануучу тарап райондук соттун чечимине макул болбой, айыпталуучуга өлүм жазасын сурап, Ош облустук сотуна апелляцияык арыз менен кайрылган.

Облустук сот, 1-декабрда, арызды карап чыгып, айыпталуучунун жашы 18ге толо электигин, ага байланыштуу, мыйзамга ылайык өзгөчө оор кылмыш үчүн жашы жете элек жаранга 10 жылдан ашык жаза белирбей тургандыгы каралганын жана мыйзамдарда өлүм жазасы жок экендигин белгилеп, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>