Айрым аймактарда жаан жана кар жаайт: 30-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыкты
“Эсимде” тасмасы “Евразия” эл аралык кинофестивалына катышат
10.12.2022 | 18:29
Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы “Евразия” эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.
Аталган кинофестиваль Алматы шаарында 12-18-декабрь күндөрү болуп өтөт. Актан Арым Кубат бул фестивалдын эл аралык сынагына “Эсимде” тасмасы менен катышуу үчүн чакыруу алган.
“Евразия” кинофестивалы 1998-жылы негизделген. Ал Кинопродюсерлер ассоциациясынын эл аралык федерациясында (FIAPF) каттоодон өткөн жалгыз казакстандык кинофестиваль болуп саналат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз