Кезек күтүүсүз экология: Кыргызстанда Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматтарын төлөө кантип жөнөкөйлөтүлдүБааларды жөнгө салуу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдүИсламдык каржылоону жөнөкөйлөтүү пландалууда. Жарандык кодекске өзгөртүүлөр үчүнчү окуудан өтүүдөЖеке маалыматтарды бузуу үчүн айып пулдар Цифралык кодекске шайкеш келтирилетКыргызстанда провайдерлерди колдонуучулардын маалыматтарын ачыктоого милдеттендиришет – кенен маалыматЖогорку Кеңешке Того менен инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуу киргизилди
Эки наристе бар! Кыгызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптардын жаш курагы
10.04.2020 | 11:37
10-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 298 адамга жетти. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда алардын жаш курагын айтып берди.
Анын маалыматына ылайык, коронавирус аныкталгандардын ичинен 154ү аял, 144ү эркек.
Ал эми жашы курагы боюнча, 15 жашка чыга элек 34 бала жуктуруп алса, алардын арасында бир жашка чыга элек эки наристе бар.
- 16 жаштан 19 жашка чейин — 11;
- 20 жаштан 35 жашка чейин — 75;
- 36дан 55 жашка чейин — 106 адам;
- 56 жаштан жогору жаштагылар — 72 адам.
Илдетти жуктуруп алгандардын ичинен 5 адам каза болду. Жалпы COVID-19 вирусун жуктуруп алган 39 адам айыгып чыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом