Эл аралык валюта фондунан келген каражаттар каякка жумшалган? Министр жооп берди

Эл аралык валюта фондунан келген каражаттар каякка жумшалган? Министр жооп берди

Эл аралык валюта фондунун каражаты I траншта каяка жумшалганы тууралуу бүгүн, 2-июлда финансы министри Бактыгүл Жээнбаева брифингде билдирди.

«2020-жылдын апрель-май айларынын ичинде Эл аралык валюта фондунун (I транш) эсебинен жүргүзүлгөн чыгымдар республикалык бюджеттен 9 765,8 миллион сом суммада чыгашалар жүргүзүлдү», — деп билдирди финансы министри.

Алар: эмгек акы төлөөгө – 4 115,5 млн сом;

социалдык мыктаждыктарга төгүмдөргө – 498,5 млн сом;

социалдык фондго трансферттер – 2 131,3 млн сом;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун трансферттерине – 1 310 млн сом;

теңдөө трансферттерине – 160,8 млн сомго (МӨБ органдарынын айлык акысы);

калкты социалдык камсыздоо жана социалдык жардам боюнча жөлөк пулга – 1 102,9 млн сом;

медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга – 106,3 млн. сом;

стратегиялык кам көрүүлөргө (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан данды сатып алууга)– 240,1 млн сом;

COVID-19 илдети менен күрөшүү максатында оор турмуштук кырдаалга кабылган калк үчүн социалдык коргоо органдарына каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам, тамак-аш азыктарын сатып алууга – 100,4 млн сом.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>