Турчин, Мишустин жана башка чет элдик өкмөт башчылар кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты

Чет өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Кыргызстандын элин жана КРдин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди Эгемендүүлүктүн 35 жылдык майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Беларустун премьер-министри Александр Турчин куттуктоо катында Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүн белгилеген. Ал өз катында: «Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндөгү ийгиликтерине, инфраструктуранын өнүгүшүнө, жарандардын жашоо деңгээлинин жогорулашына чын жүрөктөн кубанычтамын», — деп билдирген. Ошондой эле Турчин эки өлкө ортосундагы сооданы кеңейтүү жана ар кандай пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттердин зарылдыгын айткан.
Болгариянын премьер-министри Румен Радев куттуктоо телеграммасында болгар өкмөтү Кыргызстан менен мамилелерди бекемдөө боюнча ишти улантууга даяр экенин ырастаган. Радев: «Биргелешкен аракеттер менен биз эки тараптуу мамилелердин өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрүндөгү, анын ичинде Европа менен Азиянын ортосундагы байланышты өнүктүрүүгө болгон жалпы умтулуубуздагы потенциалыбызды толук ишке ашыра алабыз деп ишенем», — деп белгилеген ал.
Ошондой эле Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин куттуктоо жолдоду. Катта Мишустин: «Евразия экономикалык бирлигинде жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде интеграцияны бекемдөө, көп кырдуу өз ара аракеттенүүнү андан ары илгерилетүү үчүн активдүү биргелешкен иштерди улантууга даярдыгымды ырастайм», — деп билдирген. Ал мамлекеттер ортосундагы кызматташтык союздаштык принциптерине негизделгенин айткан.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов куттуктоосунда: «Кыргызстанда жетишилген ийгиликтер, экономикалык өсүү темптери, ошондой эле транспорт, курулуш жана энергетика чөйрөлөрүндөгү жаңы инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы калктын жашоо сапатын жакшыртууга күчтүү түрткү болуп жатат. Мамлекет башчыларыбыздын ортосунда жетишилген бардык макулдашууларды жана алар койгон милдеттерди биргелешип сапаттуу жана толук аткарабыз деп шектенбейм», — деп билдирген. Ошондой эле ал өкмөттөр ортосундагы кызматташтык бекемделе турганын жана жана эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгына кызмат кылат деп ишенерин билдирген.