Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Эл каттоо алгач ирет планшет аркылуу жүзөгө ашат
23.03.2022 | 15:20
Калкты каттоо биринчи жолу мобилдик тиркемени колдонуу менен электрондук форматта каттоочулардын жеке уюлдук телефону же планшет аркылуу өткөрүлөт. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов президент Садыр Жапаров менен кездешкенде билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин жана республиканын айрым аймактарында 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өткөрүлө турган калкты жана турак жай фондун каттоого толук даяр. Азыркы учурда 28 миңге жакын убактылуу каттоо кызматкерлери (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана каттоочулар) кабыл алынып, аларды окутуу семинарлары өткөрүлдү. Иш-чараны уюштурууга байланышкан бардык каржы маселелери чечилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар