Элдик курултай жөнүндөгү мыйзам экинчи окууда кабыл алынды

Элдик курултай жөнүндөгү мыйзам экинчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында президент тарабынан демилгеленген «Элдик Курултай жөнүндөгү» конституциялык мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов Элдик Курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн кыскартууга каршы чыкты. Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев тармактык комитеттин жүрүшүндө делегаттар Элдик Курултайдын жалпы чогулушунун мөөнөтүнө шайланат деген чечим кабыл алынганын эске салды.

Муну менен катар эл өкүлү Элвира Сурабалдиева Элдик Курултайга 700 делегат шайланары тууралуу сөз кылып, гендердик маселелерге токтолду.

Парламентте каралып жаткан мыйзамга Элдик курултайдын өкүлдөрү каршы чыгышкан. Алар долбоордун башкы варианттын кабыл алуу талабын коюшту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>