КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлору чет өлкөдөгү активдерди кайтаруу боюнча тармак түзүштү

01.10.2026 | 15:01
Генпрокуроры СНГ создали сеть по возврату активов из-за рубежа — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов баштаган Кыргызстандын делегациясы прокуратура органдарынын КМШга мүчө мамлекеттер жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин деңгээлинде өтүп жаткан эл аралык иш-чараларга катышуу үчүн Казань шаарында иш сапар менен жүрөт.

30-сентябрда КМШга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин 36-жыйыны өттү. Анда кылмыш жолу менен алынган активдерди чет өлкөдөн аныктоо, конфискациялоо жана кайтарып берүү жаатындагы заманбап чакырыктарга жана жаңы ыкмаларга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш сапардын алкагында Кыргызстандын башкы прокурору Азербайжандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын башкы прокурорлору, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин катчылыгынын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдө эл аралык укуктук кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде соттолгондорду өткөрүп берүү, ошондой эле трансулуттук кылмыштуулукка, киберкылмыштуулукка жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Казакстандын жана Орусиянын башкы прокуратураларынын ортосунда кызматташуу боюнча документтерге кол коюлду. Алар практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана түз кесиптик байланыштарды бекемдөөгө багытталган.

Жыйындын жыйынтыгында КМШга мүчө мамлекеттердин чет өлкөдөгү активдерди кайтаруу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө келишимдин концепциясы жактырылып, КМШ мейкиндигинде активдерди кайтаруу боюнча ведомстволор аралык эксперттик тармак түзүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, КМШга мүчө мамлекеттердин башкы прокуратураларынын терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Бүгүн Кыргызстандын делегациясы Казань шаарындагы ишин улантып, ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 24-жыйынына катышат.

Scroll to Top