Элдик курултайда ИИМге делегаттардан кайрылуулар түшүүдө

Элдик курултайда ИИМге делегаттардан кайрылуулар түшүүдө

Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик курултайда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 16-декабрда Бишкекте Элдик курултайдын экинчи күнү өтүүдө.

ИИМдин билдиришкендей, ички иштер министри Улан Ниязбеков элдик курултайга катышып, Укук тартиби боюнча делегаттардын кайрылууларын кабыл алууда.

«Курултайдын катышуучуларынын укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү кайрылуулары, арыздары Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан каралат.

Учурда иш-чаранын эки күнүндө 50дөн ашык кайрылуу болуп, ичинен 19-сунуш, 3-ыраазычылык келип түштү. Калганы милициянын күнүмдүк иши, тергелип жаткан кылмыш иштери жана кылмыштардын алдын алуу маселелери боюнча кайрылуулар болду.

Ички иштер министрлигинин башчысы келип түшкөн бардык арыздарды жана кайрылууларды жеринде тиешелүү кызматтарга Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык объективдүү, ыкчам чечимдерди кабыл алууну көрсөтүү менен тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>