«Мени тепкилегиле». Президент тууну өзгөртүү анын демилгеси экенин айтты (видео)

«Мени тепкилегиле». Президент тууну өзгөртүү анын демилгеси экенин айтты (видео)

Кыргызстандын туусун өзгөртүү президент Садыр Жапаровдун демилгеси болгон. Бул тууралуу Садыр Жапаров өзү Бишкектеги Элдик курултайда билдирди.

Жапаровдун айтымында, тууну өзгөртүү тууралуу сунушту парламенттин төрагасы Нурлан Шакиевге ал айткан.

«Төрага Нурлан Шакиевге мен айттым. «Желекти оңдоп-түзөтүү менин компетенцияма кирбейт, Жогорку Кеңештин компенетциясы, авторлорду чакырып, кеңешип, балким күндүн нурун түздөп, боз үйдүн түндүгүнүн чамгарагын төрткө көбөйтүп койбосуңарбы» деп мен сурандым. Ошондуктан Нурлан Шакиевди тепкилебегиле, азыртадан баштап мени тепкилегиле» , — деди ал.

Сөзүн улай ал тууну өзгөртүүгө каршы чыгып жаткандар чыгым болорун жүйө келтирип жатканын айтып, эч кандай чыгымдар болбой турганын билдирди. Жапаровдун айтымында, туу өзгөрсө паспорт, унаалардагы номерлерди жана башка документтерди дароо алмаштыруунун кереги жок. Аларды мөөнөтү бүткөндөн кийин өз убагында алмаштырууга болот. Ал билдиргендей, чет элдеги элчилик, министрликтерди тууларды алмаштырууга гана бир аз чыгым болот. Аны Садыр Жапаров өз маянасынан төлөөгө даяр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>