Президент делегаттардан тууну өзгөртүү маселеси боюнча колдоону суранды (видео)

Президент делегаттардан тууну өзгөртүү маселеси боюнча колдоону суранды (видео)

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда тууну өзгөртүү маселеси боюнча сүйлөп, курултайдын делегаттарынан аталган маселе боюнча колдоп берүүнү суранды.

Белгилүү болгондой, Элдик курултайдын биринчи да, экинчи күнүндө да делегаттар эл тууну өзгөртүүгө каршы экенин айтып, тууну өзгөртпөө маселесин кабыргасынан коюшкан.

Бүгүн Садыр Жапаров делегаттардын кайрылууларына жооп берип жатып, туу маселесин да айтып өттү. Ал тууну өзгөртүү анын демилгеси экенин билдирди.

Жапаров мурда Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев борбор калааны азыркы Астанага жылдыруу үчүн парламенттин макулдугун алып жатканда каршы болгондор чыкканын белгилеп, Назарбаев «бүгүн туулган күнүм экен, ошого белек кылып, макул болуп койгулачы» деп депутаттардын макулдугун алганын айтты.

«Ошондо Назарбаев трибунага чыгып, мен деле бир нерсени ойлонуп жатсам керек. Бүгүн туулган күнүм экен, ошого белек кылып, макул болуп койгулачы» деп суранган. Казак парламенти ошондо макул болуп, 90-95%ы колдоп берди. Азыр Астананы карагыла, дүйнөнүн эң алдынкы шаарларынын катарына кирип отурат. Мен борборду көчүрөм, бир шаар салам деп суранган жокмун. Желекти оңдогонго мени колдоп берип койгулачы. Мен сиздердин суранычыңардын баарын, суранбаган нерселерди колдоп берип жатам. Менин бир суранычым, желекти оңдоп-түзөп эле киргизип коелу. Желек эч кандай өзгөрбөйт. Оңдоп-түзөө гана кирет. Желек ошол эле бойдон калат. Бир ак же көк кылып жаткан жокпуз. Болгону кичине оңдоп-түзөө эле киргизип жатабыз», — деди Жапаров.

«Мени тепкилегиле». Президент тууну өзгөртүү анын демилгеси экенин айтты (видео)

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>