Электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти

Электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти

Кыргызстанда электр энергиясын колдонууда кезектеги тарыхый максимум катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда маалымат жыйында «Улуттук энергетикалык холдинг» ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиев билдирди.

«Былтыркы кышта бул кезде суткасына калкыбыз 55 млн кВт/саат электр энергиясын алып жаткан болсо, быйыл суткасына 70 млн кВт/саат болууда. Былтыркыга салыштырганда 15 млн кВт/саатка көп», — деди Байгазиев.

Ал ошондой эле кечкисин электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көлөмү бул күндөрү 3,3 миң мегаватт болуп жатканын, былтыр ушул маалда 3 миңге жетпеген деңгээлде болгонун кошумчалады.

Анын айтымында, Токтогул ГЭСи кадимки тартипте иштеп жатат, суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,1 млрд куб метр болууда, бул былтыркыдан 1,4 млрд кубга жогору.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>