Чүйдө баңгизат жайылтууга шектелип 4 жаран кармалды — видео

Чүйдө баңгизат жайылтууга шектелип 4 жаран кармалды — видео

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 4 жаран баңгизат жайылтууга шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Көк-Жар айылында синтетикалык баңгизаттарды (жашыруун жерге катып) жайылтып жүргөн адамдар тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Маалыматты текшерүү үчүн ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 20 жаштагы Ж.Б., Ж.С., Б.Б. жана 19 жаштагы П.К. аттуу жарандар кармалган. Маалым болгондой, тинтүү учурунда алардан сумка табылып алынып, анын ичинде порошок түрүндөгү зат салынган сары түстөгү таңгактар (274 даана) болгон. Анын салмагы 775 граммды түзгөн.

Соттук-химиялык эскпретиза таңгактагы заттар пара-Метилэфедрон (мефедрон) экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>