Электр кыймылдаткычы менен иштеген транспорттор салыктардан бошотулду

Электр кыймылдаткычы менен иштеген транспорттор салыктардан бошотулду

Электр кыймылдаткычы менен иштеген транспорттор бир катар салыктардан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 12-августундагы мыйзамдын негизинде электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттары бир катар салыктардан бошотулган.

Тактап айтканда, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт 4-топтогу мүлк салыгынан бошотулду.

Мындан тышкары, Кыргызстандын ишканаларында өндүрүлгөн, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келген, электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын импорттоо жана аларды электр менен заряддоо үчүн жабдуулар КНС төлөөдөн бошотулду.

Ушул эле мыйзам менен мунай заттары боюнча акциздик товарлардын тобу кеңейтилди жана алар боюнча базалык ставкалар өзгөртүлдү. Акциздик товарлар боюнча өзгөртүүлөр 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>