Октябрдан апрелге чейин кумшекер импортуна тыюу салуу: «Кант» агрокластеринин сандар менен түшүндүрмөсүКыргызстанда жасалма эсеп-фактуралар жана жалган бизнес үчүн жоопкерчилик күчөтүлөтКөрүүнү кантип сактоо керек: Бишкек ден соолук борборунун адистеринин сунуштарыТрамп АКШнын рыногуна орусиялык дизелдик күйүүчү май жеткирилерин жарыяладыКыргызстанда бир жылда 19,6 млрд кВт·саат электр энергиясы керектелери күтүлүүдөАдылбек Касымалиев балык чарбаларын ата мекендик тоюттарды сатып алууга чакырды
Көрүүнү кантип сактоо керек: Бишкек ден соолук борборунун адистеринин сунуштары
10.10.2026 | 11:45
Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун (БШДЧБ) адистери балдардын жана чоңдордун көрүүсүнүн начарлап кетүүсүнүн алдын алуу жолдорун айтып беришти.

Алардын айтымында, алдын алуу чаралары экран алдында өткөргөн убакытты кыскартуу менен гана чектелбейт — көздүн начарлашын өз убагында аныктоо жана дарыгерлердин сунуштарын так аткаруу өтө маанилүү.
Адистер төмөнкү бир нече эрежени сактоону сунушташат:
- Көрүүнү үзгүлтүксүз текшертип туруу. Көйгөйлөрдү эрте аныктоо жана өз убагында оңдоо (коррекциялоо) алардын жашоо сапатына терс таасирин тийгизбешине жардам берет.
- Гаджеттер менен иштөөдө жана китеп окууда тыныгуу жасап туруу. Жакын аралыкта узакка иштөө көзгө кошумча күч келтирет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) балдарда миопиянын (алыстан начар көрүүнүн) пайда болуу жана күчөп кетүү коркунучун азайтуу үчүн жакын аралыктан узакка карап иштөөнү кыскартууну сунуштайт.
- Таза абада көбүрөөк убакыт өткөрүү. ДССУнун сунушу боюнча, балдар күндүзгү убакта көчөдө 90 мүнөттөн кем эмес болушу керек. Бул — миопиянын алдын алуунун натыйжалуу чараларынын бири.
- Көз айнекти туура колдонуу. Эгер дарыгер көз айнек жазып берсе, аны сунушталган эрежеге ылайык тагынуу зарыл. Өз алдынча башка көз айнекке алмаштырууга же бирөөлөрдүн көз айнегин тагынууга болбойт.
- Жалпы ден соолукка көз салуу. Өнөкөт ооруларды, өзгөчө кант диабетин жана гипертонияны (кан басымынын жогорулашын) көзөмөлдөп туруу аларга байланыштуу көздүн көрүүсү начарлашынын тобокелдигин азайтат.
Адистер көздү көйгөй жаралган учурда гана эмес, дайыма текшертип туруу зарыл экенин баса белгилешти. Үзгүлтүксүз профилактикалык кароолор жана дарыгерлерге өз убагында кайрылуу көздүн саламаттыгын сактоого өбөлгө түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом