Кыргызстан менен Чехия Бишкек — Прага түз аба каттамын ачуу маселесин талкуулады

15.10.2026 | 08:44
Кыргызстан менен Чехия Бишкек — Прага түз аба каттамын ачуу маселесин талкуулады — Новости Кыргызстана

Кыргызстан менен Чехия Бишкек жана Прага шаарларынын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул маселе Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик менен «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун жолугушуусунда каралды.

Тараптар жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү аба аркылуу ташууну өнүктүрүү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин да талкуулашты.

Чехиялык делегация үчүн «Манас» эл аралык аэропорту боюнча экскурсия уюштурулду. Конокторго жаңыланган инфраструктура жана аэропорттун техникалык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана өлкөнүн авиация системасын өнүктүрүү келечеги тууралуу маалымат берилди.

Кийинки кадам катары «Кыргызстан аэропорттору» ААК делегациясынын Прага эл аралык аэропортуна сапары пландалууда. Ал жакта түз аба каттамдарын ачуу боюнча макулдашууга жетишүү үчүн сүйлөшүүлөр улантылат.

Scroll to Top