Электр жарыгы үчүн жол тоскон конуштун карызы боюнча сотко арыз берилет

Электр жарыгы үчүн жол тоскон конуштун карызы боюнча сотко арыз берилет

Электр жарыгы өчүрүлгөнү үчүн Бишкектин четиндеги негизги автотрассаны бир нече саат бууп турган “Алтын-Казык” конушунун дебитордук карызын өндүрүү үчүн “Түндүкэлектр” ишканасы сотко кайрылат.

Бул тууралуу 18-ноябрда «Азаттык» радиосуна Аламүдүн райондук Электр энергиясын сатуу кызматынын башчысынын орун басары Убайдылда Үмөтов билдирди:

“Бул жерде 402 түтүн бар биздин маалымат боюнча. Жер трансформация болгон эмес. 2016-жылы ушул себептен көмөкчордонго кошпой койгондо көчөгө чыгып, жолду бууп, кошуп бергенге аргасыз кылышкан. Ошондо убактылуу кошуп туруу тууралуу чечим кабыл алынган. Эми сотко беребиз. Акчаны өндүрүп алуу боюнча жумуштарды баштайбыз”.

“Алтын-Казык” конушунун тургундары электр жарыгысыз калганын айтып 17-ноябрдын кечинде бир нече саат жол буушкан. Тийиштүү мекемелер менен сүйлөшүүдөн кийин жарык берилген.

“Түндүкэлектр” ишканасынын маалыматына караганда, конуштун жери мыйзамдаша элек болгондуктан тургундардын документи азырынча жок. Ошондуктан 400дөн ашуун үй жалгыз бир абонент катары катталган. Ал абоненттин карызы 430 миң сомго жетип кеткендиктен жарык 1,5 суткага өчүрүлгөн. 117 миң сому төлөнгөндөн кийин азыр 312 миң сому дебитордук карыз бойдон турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>