Камчыбек Ташиев чиновниктерге катуу эскертүү берди

Камчыбек Ташиев чиновниктерге катуу эскертүү берди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жалпы коомчулуктун көңүлүн коррупция маселесине бурду.

Ташиев мамлекеттин түпкүлүгүнө оор залакасын тийгизген коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын айтып, ага каршы күрөштү үч этапка бөлгөнүн билдирди. Алар:

  1. Күрөштү системалдаштыруу, багытын аныктоо.
    2.Мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү.
    3. Маалымат, түшүндүрүү, ийгиликтерди чыңдоо.

«Урматтуу өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевичтин каттуу койгон талаптарынын жана түзүлгөн шарттардын негизинде аёосуз күрөш улантылып жатат.

Биринчи этап эми гана бүттү, биз ойлогондой оңой болгон жок, эки-үч ай, ашып кетсе 6 айда дегенбиз, а бирок, 2,5 жылга созулду, өтө көп эмгекти, өжөрлүктү, чынчылдыкты жана чыдамкайлыкты жумшадык.

Экинчи этапты баштоо алдында турабыз, бул этаптын алкагында мыйзам чегинде жазаларды максималдуу колдонобуз, буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен женилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы баардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз. Коомубуз түшүнүш керек: биз аёосуз күрөш жана ачык айкындуулук менен гана мамлекетибизди өнүктүрөбүз.

Бул экинчи этап 1-1,5 жылга созулат го деп ойлоймун, бул өтө оор болот, жеке мен баарынан баш тартуум керек: майда-чүйдөнү айтпаганда бала, бир тууган, дос-жолдоштор, туугандар.

Урматтуу мамлекеттик кызматты аркалагандар, дагы бир жолу эскертемин, чогуу мамлекетке иштеген кызматкер катары суранамын: мыйзамды бузбай ишиңерди так аткаргыла, коррупцияны токтоткула, эч качан суранбагыла, мындан ары мыйзам бузгандарга мыйзам чегинде өтө катаал чаралар көрүлөт. Бандиттер, каракчылар, бирөөнүн мүлкүнө көз арткандар, контрабандисттер, мамлекетти алдаган шылуундар түп-тамырыңар менен мыйзам чегинде жок кылынасыңар!

Бир да адам мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылбаш керек!

Бул өтө оор, аткарылышы татаал жана кооптуу тапшырма, бирок мен муну аткарамын, башка менде жол жок! Же мени коорупционерлер жеңет, же болбосо мен буларды мыйзамдуу тартипке саламын!

Мамлекет башчыбыздын менин алдыма койгон тапшырмасы ушундай, урматтуу мекендештер, коомубуз бирдикте күчтүү, акыйкаттуу мамлекетти курабыз!

Баарыбыздын убактыбыз өтүп жатат, а меники өтө аз калды! Үлгүрүшүбүз керек!«, — деди Камчыбек Ташиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>