Эми дары өсүмдүктөрүн айыл чарбада өстүрүүгө болот. Президент мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров жеке жана юридикалык жактарга дары өсүмдүктөрүн айыл чарбада өстүрүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн өндүрүү, кайра иштетүү жана туруктуу пайдалануу үчүн укуктук базаны түзөт. Ага ылайык, жеке жана юридикалык жактар валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, аконит, арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп жана лаванда сыяктуу өсүмдүктөрдү айыл чарба шарттарында өстүрүү укугуна ээ болушту.
Ошол эле учурда коопсуздук чаралары катары аконитти турак жай зоналарына жана социалдык объекттерге жакын аймактарда өстүрүүгө тыюу салынды.
Мыйзамда жапайы дары өсүмдүктөрүн айыл чарба шарттарында өстүрүү үчүн пайдаланууга жол берилет жана бул үчүн акы төлөнбөйт. Мындан тышкары дары өсүмдүктөрүн өстүрүү айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды.