Дрондордун жана өлчөөлөрдүн жардамы менен: Кыргызстанда мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүүнүн заманбап тутуму киргизилүүдө

22.05.2026 | 12:46
ледники кыргызстана

Кыргызстанда муз массаларынын жана суу ресурстарынын абалына байкоо жүргүзүүнүн бирдиктүү тутумун түзүүгө багытталган мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык практикалык тренинг аяктады. Дүйнөлүк банктын KG RESILAND долбоорунун алкагында Кыргызгидрометтин жана КР Улуттук илимдер академиясынын (УИА) адистери түздөн-түз Кара-Баткак мөңгүсүндө талаа изилдөөлөрүнүн «алтын стандартын» жана аралыктан зонддоо ыкмаларын өздөштүрүштү.

Бельгиядан жана Орусиядан келген эксперттердин жетекчилиги астында окумуштуулар 3330 метр бийиктикте комплекстүү иштерди жүргүзүштү: карды өлчөө иштерин аткарып, муздун тыгыздыгын өлчөштү жана эрүүнү көзөмөлдөө үчүн рейкаларды орнотушту. Рельефтин санариптик моделдерин түзүү үчүн учкучсуз аппараттарды (дрондорду) колдонуу мунун негизги өзгөчөлүгү болду. Бул глобалдык климаттын өзгөрүшү шартында мөңгү массасынын өзгөрүшүн жогорку тактыкта байкап турууга мүмкүндүк берет.

Алынган маалыматтар жана даярдалган методикалык сунуштамалар Борбордук Азияда мониторинг жүргүзүүдөгү мамилелерди бирдейлештирүү (унификациялоо) үчүн негиз болуп калат. 2026-жылдын жайында Тянь-Шань илимий борбору аймактык гляциологиялык экспедицияны жана жаштардын климаттык лагерин өткөрүүнү пландаштырууда. Бул иш республикадагы тузсуз суунун негизги булактары болгон мөңгүлөрдүн абалын так болжолдоо үчүн өлкөнүн илимий потенциалын чыңдоого багытталган.

Теги: ледники
Scroll to Top