Арктикага билет: Кыргызстандык мектеп окуучулары Түндүк уюлга жолдомо үчүн күч сынашууда

22.05.2026 | 12:04
фото на северном ледоколе

Кыргызстанда Түндүк уюлга уникалдуу экспедицияга катышуу үчүн мектеп окуучуларын тандоо уланууда. Жеңүүчүлөр планетанын чокусуна орусиялык легендарлуу «50 лет Победы» атомдук муз жаргычынын бортунда жөнөп кетишет. Быйыл Кыргызстандан катышкан өспүрүмдөр берилген билдирмелердин саны боюнча рекорд коюуда.

«Росатом» мамлекеттик корпорациясы тарабынан уюштурулган «Билим муз жаргычы» («Ледокол знаний») эл аралык илимий-агартуу долбоорунун жетинчи сезону болуп көрбөгөндөй кызыгууну жаратты. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, тандоонун алгачкы эки жумасында эле долбоордун сайтында 1400дөн ашык катышуучу катталган.

Сынактын географиясы 22 мамлекетти камтыйт: Кыргызстандын окуучуларынан тышкары, Арктикага жолдомо үчүн Казакстандын, Өзбекстандын, Кытайдын, Индиянын, Вьетнамдын, Бразилиянын, Түштүк Африка Республикасынын, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн балдары күч сынашууда. Уюштуруучулар быйылкы көрсөткүчтөр өткөн сезондордун маалыматтарынан кыйла ашып түшкөнүн белгилешүүдө.

Тандоо кандай өтөт жана эмне кылуу керек?

Сынак 14 жаштан 16 жашка чейинки мектеп окуучуларына жана колледж студенттерине эсептелген. Биринчилерден болуп катталган катышуучулар Арктиканы билүү боюнча викторинадан ийгиликтүү өтүп, экинчи этапка киришишти. Эми аларды атом тармагынын алдыңкы эксперттеринин билим берүүчү вебинарлар сериясы күтүп турат, андан соң балдар профилдик суроолорго жооп бериши керек.

Билдирме берүүгө жетишпей калгандар үчүн азырынча убакыт бар. goarctic.energy сайтында каттоо жана алгачкы эки этаптан өтүү 3-июнга чейин ачык болот.

Бул тесттердин жыйынтыгы боюнча сынакка катышкан ар бир өлкөдөн эң көп упай топтогон 10 финалист аныкталат. Дал ошолор үчүнчү, чечүүчү этапка өтүшөт, ал жакта алар өз идеялары камтылган видеовизитка жаздырышы керек болот.

«Биринчи этап эле катышуучулардын жогорку мотивациясын жана терең билимин көрсөттү. Долбоордун географиясы кеңейип, заманбап технологияларга болгон кызыгуу өсүп жатканына кубанычтабыз. Эми балдарды интенсивдүү билим берүү программасы күтүүдө», — деп белгиледи «Росатом Эл аралык тармагынын» коммуникациялар боюнча башкы директорунун орун басары Александра Юстус.

Мыктылардын мыктысы башкы байгеге ээ болушат — алар илимий-агартуу экспедициясынын толук кандуу катышуучулары болуп, 2026-жылдын августунда Түндүк уюлга жөнөп кетишет.

Маалымкат: мектеп окуучуларын Арктикага эмнеге алып барышат?

«Билим муз жаргычы» долбоору илимди жайылтууга, бүткүл дүйнө жүзүндөгү таланттуу балдарды колдоого жана болочок кесибин тандоого жардам берүүгө багытталган.

Саякат Түндүк деңиз жолу (ТДЖ) — Европа менен Азиянын ортосундагы эң кыска кеме каттамы аркылуу өтөт. Тарыхый жактан бул Орусиянын улуттук транспорттук артериясы болуп саналат, аны өздөштүрүү идеясы мындан 500 жыл мурун — 1525-жылы эле көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө бул глобалдык каттамдын инфратүзүмдүк оператору катары «Росатом» чыгууда.

Белгилей кетсек, Орусия — дүйнөдө атомдук муз жаргыч флотуна ээ болгон жалгыз өлкө. Бүгүнкү күндө анын курамында жыл бою муздардын арасында жол сала алган эң кубаттуу сегиз кеме иштейт. Кыргызстандык мектеп окуучулары дал ушундай гиганттардын биринде Арктиканын катаал кооздугун өз көзү менен көрө алышат.

Теги: росатом
Scroll to Top