Энергетиктер “Алтын Балалык” реабилитациялык борборуна жардам көрсөтүштү — сүрөт

Энергетиктер “Алтын Балалык” реабилитациялык борборуна жардам көрсөтүштү — сүрөт

Кыргызстандын энергетика тармагынын кызматкерлери министр Доскул Бекмурзаевдин демилгесин колдоп, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын Балалык” медициналык-реабилитациялык комплексине жардам көрсөтүштү.

Эскерте кетсек, өткөн жылы балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук марафонуна энергетиктер да катышып, жалпы суммасы 200 миң сом салым кошушкан.

Мында энергетика кызматкерлери “Алтын Балалык” борборунун реконструкциялоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жасалышын колдоп, 20 тонна цемент курулуш каражатын жардам катары жөнөтүштү.

Учурда аталган мекемеде курулуш иштери кызуу жүрүп, үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүлүүсү пландалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>