Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Энергетиктер жарандарды электр энергияны үнөмдөөгө чакырды
28.02.2025 | 16:38
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” компаниясы Токтогул ГЭСинин №3 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери башталганына байланыштуу жарандарды электр энергияны үнөмдөөгө чакырат.
ГЭСте төрт гидроагрегат бар. Азыркы тапта анын бирөөндө оңдоп-түзөө иштери башталгандыктан, өлкөдө электр энергияны өндүрүү азайган. Мындан улам аталган компания жарандарды электр энергияны үнөмдөөгө чакырат.
Токтогул ГЭСинин №3 гидроагрегаты оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин ГЭСтин кубаттуулугу 60 МВт’ка көбөйүп, 1440 МВт’ка жетет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом