Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Кара-Сууда таштанды өрттөөчү завод куруу пландалууда
28.02.2025 | 16:04
Бүгүн, 28-февралда президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Суу районунда таштандыларды өрттөөчү заводдун кура турган кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Жолугушууда долбоорду ишке ашыруу маселелери, ишкананы ишке киргизүү боюнча мындан аркы иш-аракеттер талкууланды.
Жантаев белгилегендей, Ош облусу чет элдик инвестицияларды тартууга жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бул долбоор аймактын экономикасын өнүктүрүүгө гана салым кошпостон, экологиялык маселелерди чечүүдө маанилүү иш болот.
Өз кезегинде компания өкүлдөрү заводдун курулушуна жана ишке киргизилишине байланыштуу бардык милдеттенмелерди аткарууга даяр экендиктерин ырасташты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом