Султанбаев анын атын жамынган алдамчылар көбөйгөнүн айтты

Султанбаев анын атын жамынган алдамчылар көбөйгөнүн айтты

Президенттин басма сөз катчысы акыркы учурда телефондук алдамчылык фактылары көбөйүп жатканын билдирди. Бул тууралуу Эрбол Султанбаев Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, акыркы убакта, белгисиз бирөөлөр акча каражатын алуу максатында өздөрүн жогорку кызматтагы адамдарбыз, анын ичинде менин атымды айтып, өздөрүн президенттин басма сөз катчысы деп тааныштырган телефондук алдамчылык фактылары кайрадан көбөйдү.

Алдамчылардын “курмандыктары” көбүнчө мамлекеттик кызматкерлер. Аларга телефон чалып, өлкөнүн жогорку жетекчилиги катышчудай ар кандай иш-чараларга чакырып, же аларга кызматтан көтөрүүнү сунушташат. Ишенимге ээ болуу менен шылуундар алдамчылык жолу менен өздөрүнүн “курмандыктарынан” акча алышат.

“Буга байланыштуу биз дагы бир жолу бардык жарандарга, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге мындай шылуундардын жетегинде жүрбөөнү, мындай көрүнүштөр орун алган учурда тез арада укук коргоо органдарына кайрылууну эскертебиз”, — деп жазды Эрбол Султанбаев.

Ал белгилегендей, учурда компетенттүү органдарга телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды ыкчам аныктоо тапшырмасы берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>